Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

10:07, 29 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чараларга катышты. Бул тууралуу «Регион» телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырып, жаңы аскер бөлүгүн көрүп чыкты жана 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды.

КР УКМК. Камчыбек Ташиев батирлердин ачкычын тапшырды