20:56, 28 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил бактын чыгыш тарабында жайгашкан объектилерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат.Жашоочулар № 104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты.
«Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан», -деп айтылат маалыматта.