Баткенде турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү түнкү саат 3:18де Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 3:20да Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Ак-Сай айылындагы № 106 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 3:52де кошумча күч катары Самаркандек айылындагы. № 31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылды.