Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италияга барат

12:37, 28 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында Италияга иш сапары менен барат.

Ведомстводон билдиришкендей, Жээнбек Кулубаевдин сапары Италиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Антонио Таянинин чакыруусу боюнча уюштурулган.

Сапардын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия — Италия» министрлеринин жолугушуусуна катышат, ошондой эле Италия расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.