19:24, 27 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...18, күндүз 16...21,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8°, күндүз 23...25° болот.