13:30, 27 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов ЖОЖдор мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн студенттерден акча чогултарын айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 27-майда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
«Бизге кайрылуулар түшүп жатат. Алар студенттерди мамлекеттик экзамендерди тапшырууда акча талап кылып жатышыптыр. Баасын да жарыялашат экен, бул эмнеси? Аймактардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Дайыма ушундай акча чогултулуп жатса, билим берүүнүн сапатын кантип өнүктүрөбүз? Студенттер эптеп эле университетти бүтүрүүнү каалашат, ошондуктан алар акча беришет. Мындан тышкары чет жакта жүргөндөр да экзамендерге акча беришет экен », - деп ачууланды.
Эл өкүлүнүн айтымында, УКМК коррупция менен күрөшүп жатса, Билим берүү министрлиги тескери кылышууда. Депутат Айбек Маткеримов маселени көзөмөлгө алууну суранды.