10:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Канн фестивалы −2024: «Алтын пальма бутагын» ким жеңди?

Кезектеги 77-жолу өткөрүлгөн Канн кинофестивалы аяктап, сынактын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болду. Кинофестивалдын «Алтын пальма бутагы» башкы сыйлыгын америкалык режиссер Шон Бейкерге «Анора» тасмасы менен жеңип алды. Бул орус олигархынын уулуна турмушка чыккан кыздын окуясын баяндаган комедия-драма тасмасы болуп саналат.

Сынактын башка жеңүүчүлөрү:

— Гран-при — режиссёр Паял Кападия «Биз жарык деп элестеткен бардык нерсе» тасмасы.

— Калыстар тобунун сыйлыгы — Жак Одиарддын «Эмилия Перес» тасмасы.

— Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Мохаммад Расулофтун «Ыйык инжирдин уруктары» тасмасы.

— Эң мыкты сценарий: Коралли Фарждын «Субстанциясы».

— Эң мыкты актриса — «Эмилия Перес» тасмасынын актрисалары: Селена Гомес, Зои Салдана, Адриана Пас жана Карла София Гаскон.

— Эң мыкты актер — Джесси Племенс, Йоргос Лантимостун «Боорукердик» тасмасында бир нече ролдорду аткарган.

— Эң мыкты режиссёр — Мигель Гомес, «Чоң жүрүш» («Гранд-тур») тасмасынын автору.

Эске салсак, Эл аралык кинофестивал жыл сайын Канн курорттук шаарында өткөрүлөт. Быйыл иш-чара 14-25-май аралыгында өтүп, негизги сынакка 22 тасма коюлду

Эң көп окулган жаңылыктар