Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында катуу шамал күтүлөт

14:43, 24 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип билдирүү таратты.

Катуу шамал учурунда:

Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;

Көз айнек кийиниз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.