Кыргызстанда органы алмаштырылган миңге жакын адам жашайт

12:43, 24 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы 979 бейтап органдарын алмаштырган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоорунда айтылгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 624 бейтапка бөйрөгү, 354үнө боор, 1 адамга бөйрөк да, боор да алмаштырылган.

Ошол эле учурда органдарды трансплантациялоо боюнча операциялардын 95 пайызы чет өлкөлөрдө жасалып, жарандарга Кыргызстанга караганда бир нече эсе кымбатка түшкөн.

Эске сала кетсек, биздин өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Буга чейин 50гө жакын мындай хирургиялык кийлигишүүлөр жасалган.

2024-жылдын башында мамлекет башчынын тапшырмасы менен гемодиализ алган кыргызстандыктарга (өлкөдө 2,5 миңден ашуун жаран бар) бөйрөгүн бекер алмаштыруу боюнча операция жүргүзүлө баштаган. Март айынын аягында 200дөй адам кезекте турганы кабарланган. Сөөк чучугун жана боорду трансплантациялоону баштоо пландалып жатат.