10:36, 24 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майга караган түнү Айтматов районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 адамдын сөөгү табылган.
Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, өлтүрүлгөндөр бир үй-бүлө — 26 жаштагы аял жана анын эки жана төрт жаштагы балдары экенин аныкташкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, ал мурда адам өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн сот жообуна тартылган, Ак-Башат айылынын жашоочусу 1976-жылы туулган К.Н. болуп чыккан.
Кармоо учурунда кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынган.