Тик учак кырсыгынан каза болгон Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раиси менен акыркы сапарга узатуу зыйнатына үч миллионго жакын адам катышты.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, сөөк коюуга үч миллионго жакын адам катышты. Мындан тышкары 60ка жакын өлкөдөн өкүлдөр катышканы белгиленди.
Кыргызстандын атынан расмий коштошууга Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев катышып, президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан көңүл айтты.