15:30, 23 мая 2024, Бишкек - 24.kg
«Ала-Тоо» аянтына кызыл китепке кирген бүркүттү алып келишкен. Аны Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл жана биологиялык ресурстар кызматынын кызматкерлери рейд учурунда байкашкан.
Аталган башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Бишкектин Ала-Тоо аянтында башкармалыктын кызматкерлери Кызыл китепке кирген бүркүттү кармашкан.
«Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин 262-беренесин бузгандыгы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат», — деп баса белгиледи Жаратылыш ресурстар министрлиги.
Авто
Кызматкерлер куштун ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, бүркүттү алышкан. Куш жаратылышты коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.