Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар текшерилүүдө

10:17, 23 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар текшерилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык,рейддин жүрүшүндө алдын ала курулушка тийиштүү документтери алынбаган, уруксат кагаздары жок, сот жараяны жүрүп жаткан, курулушу токтоп турган имараттар текшерилди.

Мындан ары шаардын аймагында мыйзамсыз курулуштарга карата рейддик иш-аракеттер мындан ары дагы улантылмакчы.

Ош мериясы . Мыйзамсыз курулуштар