Бүгүн, 22-майда «Манас» эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей учурда аэропорт кадимки тартипте ишин улантып, пландалган рейстер аткарылып жатат.
Эске салсак, жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болгон.