USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Париж −2024: Кыргызстан Олимпиадага 13 жолдомо алды

11:35, 22 мая 2024, Бишкек - 24.kg

 

Кыргыз балбандары

Быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларында азырынча 13 лицензия бар.

Аларды балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев, ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жөө күлүктөр Сардана Трофимова менен Илья Тяпкин жеңип алышты.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары 30 олимпиадалык жолдомо алууну пландап жатканы маалымдалган.

Эске салсак, 33-Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика