Улуттук банк 31,5 млн доллар сатып алды

09:44, 22 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Фото Интернеттен алынды. Улуттук банк

Кыргызстандын Улуттук банкы 31 млн 500 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет чет элдик валютаны сатып алууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.