Президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат
09:52, 21 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында
билдирди.
Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Садыр Жапаров «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып берүүнүн башталышы — 11.00.