18:00, 20 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Япониянын Nikken Sekkei Ltd компаниясы борбор калаа тургундарынын бардык муктаждыктарын жана ыңгайлуулуктарын эске алуу менен шаардын мастер-планын (Башкы планын) иштеп чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Японияда SusHi Tech Tokyo 2024 форумунда Бишкек шаарынын мэриясы менен компаниянын ортосунда шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Мэрия белгилегендей, Nikken Sekkei Ltd экологиялык жана экономикалык туруктуулукка, функционалдуулукка жана келечектүү ой жүгүртүүгө багытталган комплекстүү архитектура жана шаар куруу чечимдерин сунуш кылган дүйнөдөгү № 1 жапон компаниясы. Компания бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн масштабдуу долбоорлорду ишке ашырды, мисалы: Кытайдагы Гренландия борбору, «Линия жизни» Сингапур темир жол коридору, Красноярск акылдуу шаарынын түзүлүшү, Эр-Рияддын түндүк бөлүгүнүн башкы планы, Коломбо порт шаарынын жаңы каржы району, Форте Тауэрс — Дубай опера району, Япониядагы көптөгөн долбоорлор, Владивостоктун борбордук бөлүгүнүн мастер-планы, Москванын стратегиялык шаар пландоосу (Рублево-Архангельск «акылдуу шаар») жана башкалар.
Бишкектин мастер-планын иштеп чыгуу компаниянын Борбордук Азиядагы биринчи шаар куруу долбоору болот.
Мындан тышкары, мэр Айбек Жунушалиев Токиодо өткөн SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты.
«Иш-чара беш континенттен 48 шаар лидерлерин бириктирген масштабдуу диалог аянтчасы болуп саналат, анда пикир алмашуу жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы технологияларды жана стратегияларды талкуулоо өткөрүлөт», — деп белгиледи мэрия.
Бишкек SusHi Tech Tokyo 2024 форумунда ардактуу конок катары көрсөтүлгөн Борбор Азиядагы жалгыз шаар болду.
Айбек Жунушалиев шаар жетекчилерине арналган программада сөз сүйлөп, анда Бишкек мэриясынын борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абага чыгарууну нөлгө түшүрүү боюнча ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Бишкектин SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышуусунун негизги максаты — шаарды мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, билим алмашуу жана мыкты тажрыйбаларды алуу болгон.
Мэр бул иш-чарага катышуу Бишкек үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, шаардын инфраструктурасына акыркы технологияларды киргизүүгө жардам берерине ишеним билдирди.