04:03
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ош облусунда муктаж эмес жарандарга жөлөкпулдар берилип келген

Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык келишимдин негизинде берилүүчү социалдык жардамдардын, ошондой эле жөлөкпулдардын чегерилүүсүнүн мыйзамдуулугуна карата текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында одоно бузуулар аныкталган. Социалдык жардам берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, 2022-2023-жылдары бул чөйрөдөгү ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга иш жүзүндө муктаж болбогон жарандарга мыйзамсыз түрдө жөлөкпулдарды беришкен.

Мындан улам мамлекетке жалпы 5 миллион 940 миң 692 сом зыян келтирилген.

Прокуратура органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар