Апрель айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 миллиард 657,1 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Буга чейин, март айында (3 миллиард 491,16 миллион доллар) жана 2024-жылдын февралында (3 миллиард 323,82 миллион доллар), 2021-жылдын сентябрь айында (3 миллиард 241,14 миллион доллар), 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) резевдердин эң жогорку көрсөткүчтөрү катталган.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында эл аралык дүң резервдер март айына салыштырмалуу 165,94 миллион долларга, жыл башынан бери 420,62 миллион долларга өскөн. Өткөн жылдын март айына караганда 1 миллиард 318,91 миллион долларга же 56,4 пайызга көбөйгөн.
Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан. 2024-жылы Улуттук банк сегиз интервенция жасап, жалпысынан 31 миллион 850 миң доллар саткан жана 113 миллион 350 миң доллар сатып алган.