17:38, 17 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Чүй райондук прокуратурасы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Биримдик айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Фабричная көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты 2006-жылдан баштап төрт жолу колдон колго өтүп сатылып, менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу максатында сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгында толук канаттандырылган.
Айыл өкмөт башчынын наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, натыйжада наркы 11 миллион 292 миң 300 сомду түзгөн бала бакчанын имараты тийиштүү жер тилкеси менен Биримдик айыл өкмөтүнүн балансына алынды.