14:50, 17 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Милиция кызматкерлери чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 42 жаштагы өзбек жаранын кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери Өзбекстандын жараны облустун аймагында мыйзамсыз жүрөт деген маалымат алышкан. Аталган маалымат каттоого алынып, тиешелүү ыкчам иштери жүргүзүлгөн.
«Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын 42 жаштагы У.А. аттуу жараны кармалды. Ага 2023-жылы оор кылмыш жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө издөө жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.