Президент кайрадан алтын куймалары тартылган видео тууралуу комментарий берди

14:40, 17 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде алтын куймалары тартылган делген видео боюнча кайрадан комментарий берди.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сындаганына жооп берди.

Президент анын бир туугандары Исхак Масалиевдей ууру же «казиношник» эмес экенин айтты.

«Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчандап жашагандардан эмес. Алар — ата тарбиясын көргөн адамдар. Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: «Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!», — деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет», — деди ал.

Садыр Жапаров эгер Исхак Масалиев, Адахан Мадумаров же Болот Темировдун алтын тармагында эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даяр экенин айтты.

«Кимдер уурдап жаткан болсо, ачыкка чыгарып турушсун. Бизге бул пайда гана алып келет. Ууруларды он эселеп, жүз эселеп кайра кайтартканга даярбыз. Бир эле алтын кендеринен эмес, кайсыл тармакта уурулуктар болбосун, далилдер менен бизге жеткирип турсаңар, биз дароо ал жердеги уурулукту токтотобуз жана жазалайбыз. Бул бизге жардам гана болот. Анан жөн эле болор-болбос жалган же жасалма видео-материалдарды элге жайылтып, арам ойлорун ишке ашырабыз дегендерге көңүл бурбайбыз. Андайларга көңүл бурганга убактыбыз да жок», — деди президент.