12:30, 17 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Бажы кызматы 2 миллион сомдон ашык экспорттук алымдар төлөнбөгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-июнунан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге өкмөттүн 2016-жылдын 16-майындагы № 254 «Бодо малдын жана жылкынын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга экспорттук бажы алымдарынын чендерин бекитүү жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча бажы декларацияларын талдоо жана мониторинг жүргүзүү учурунда экспорттук бажы алымдарын төлөбөй коюу тобокелдиктери аныкталган.
Экспорттук алымдардын төлөнбөгөндүгү төмөнкү фактылар боюнча аныкталган:
Беш факт боюнча төлөнбөгөн экспорттук бажы алымдарынын жалпы суммасы 2 миллион 70 миң 49 сомду түздү. Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга бажы алымдарын өндүрүү үчүн өткөрүлүп берилди.