17:02
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Манас» аэропортуна Инчхон — Бишкек — Загреб биринчи транзиттик каттамы конду

«Манас» аэропортуна Инчхон — Бишкек — Загреб биринчи транзиттик каттамы конду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

16-майдан баштап T’way Airlines авиакомпаниясы тарабынан Инчхондон (Түштүк Кореяга) Загреб шаарына (Хорватияга) жаңы каттам ишке киргизилди, учактар «Манас» эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конот. Транзиттик каттамдар жумасына үч жолу аткарылат.

«Манас» аэропортунда май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафелердин, дүкөндөрдүн кызматтарынан жана башка артыкчылыктардан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Транзиттик рейстин жүргүнчүлөрү үчүн көңүл ачуучу программа — этнофуршет, Кыргызстандын кооз жерлеринин фото жана видео көргөзмөсү, ошондой эле улуттук классикалык оркестрдин аткаруусу уюштурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар