Бомба коюлган деген маалыматтан улам «Манас» аэропорту эвакуацияланды

10:17, 16 мая 2024, Бишкек - 24.kg

«Манас» аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Маалыматты 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Эртең менен электрондук почтага Нурбек деген бирөөдөн кат келди. Ал кайсы бир топтун негиздөөчүсү экенин жана эгер биз миллион сом которбосок, аэропортту жардырууну пландап жатышканын жазган», — деп билдиришти редакцияга.

Коопсуздук кызматы жеринде  текшерүү жүргүзүп жатат.