18:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Социалдык келишим» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

«Социалдык келишим» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жана кароо башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, арыздарды министрликтин аймактык бөлүмдөрү кабыл алат.

«Социалдык келишим» программасынын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомду акысыз алууга болот. Үстүбүздөгү жылы программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен каржыланат, буга 2 миллиард сом бөлүнгөн. Калган 3 миңи Дүйнөлүк банк аркылуу алышат», — деп билдирди мекеме.

Социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каражатты ала алышат. Үй-бүлө эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек, ошондой эле чыныгы бизнес-план түзүшү керек.

Социалдык келишим түзүүдө артыкчылык үч же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, «бир айыл — бир продукт» долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес планы барларга берилет.

Социалдык келишим түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия кабыл алат, анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү кеңештердин жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана башка мекемелердин өкүлдөрү кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар