11:32, 15 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 245,3 миллион метр кубга жетти. Бул сандар «Электр станциялары» ишканасынын маалыматтарында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, 2023-жылы 14-майга карата Токтогулда 8 миллиард 184,85 метр куб суу бар болчу.
Бүгүнкү күндө суунун агып кириши агып чыгуусунан тогуз эсе көп. Ал секундасына 1 миң 143 метр кубду, ал эми агып чыгышы секундасына 127 метр кубду түзөт.
Белгилей кетсек, акыркы эки күндө суунун агып кириши кескин көтөрүлдү, 2023-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу 1 миң метр кубдан ашты.