Алдамчылыкка шек саналган жаран кармалды. Унаа сатып алып, акчасын берген эмес

10:52, 15 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кызыл-Жол» кварталынын 35 жаштагы тургунунун Opel Astra үлгүсүндөгү унаасын 140 миң сомго сатып алып, акчасын үч ай ичинде берүүнү убада кылып, изин жашырып кеткен.

Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Фото Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы. Шектүү

Шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 25 жаштагы М.Б. аттуу тургуну Бишкекте кармалып, Баткен шаарына алынып келди.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.