10:20, 15 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек менен Чүй облусун газдаштырууга 3 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Жалпысынан насыяны 21 субъект алды.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» 1 миллиард сомдон бөлүшкөн.