17:33, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Конституциянын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык энергетика министри Таалайбек Ибраевдин буйругун жокко чыгарды. Ошону менен бирге, энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди.
«Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп жазган Аскат Алагөзов.