17:16, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Сузакта баңгизат каражаттарын даярдап, аларды сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун аймагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
«Натыйжада жалпы салмагы 8 килограмм 33 граммды түзгөн өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизатын сатып өткөрүп, мыйзамсыз аракеттерге барган А.И. жана Б.Э. аттуу жарандар аныкталган. Ошол эле күнү алынган баӊгизатка карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган», — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр бир айга убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.