12:17, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы орто билим жана жалпы негизги билим тууралуу күбөлүктөрдү электрондук форматта алышат. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине «Санариптик билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Бектурган Бабаев билдирди.
Анын айтымында, мурда жыйынтыктоочу баалоо табели кол менен толтурулса, эми баары электрондук түрдө болот. «Учкун» типографиясы маалыматтарды «Түндүк» системасынан алат, ошондуктан окуучулардын аты-жөнүнүн жазылышында ката болбойт. Ал эми баалардын тууралыгы үчүн мектеп жооп берет.
Документтер «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, аларды күбөлүктөрдүн реестринен онлайн режимде текшере алышат. Ага 2018-жылдан берки бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары киргизилген.
Бектурган Бабаев мектеп бүтүрүүчүлөрү документтерди кагаз түрүндө да ала аларын белгиледи. 2023-24-окуу жылында 9-классты 128 миңдей, 11-классты 73 миңден ашуун окуучу аяктайт.