Баасы 51,6 миллион сомду түзгөн Маевкадагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

11:38, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышын текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер үлүшүнө укугу бар жарандардын менчигине кезектүүлүк тартибинде жана министрлер кабинети аныктаган өлчөмдө республиканын бардык аймактарында бекер жер тилкелери бир гана жолу берилет.

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдагы, 2001-жылдагы токтомдору менен жер үлүшүн алган жарандардын тизмеси бекитилгендигине карабастан, Маевка айыл аймагындагы 11,2 гектар айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери экинчи ирет үч жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчигине мыйзамсыз катталган.

Прокурордук актынын негизинде 51 миллион 615 миң 400 сомду түзгөн жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.