11:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Сузактагы окуя боюнча алты адамды ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды

2-майда Сузак районунун Жерге-Тал айылында «Урааным Манас» маданий иш-чарасында болгон окуянын себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусунда иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

Атап айтканда, облустук, ошондой эле райондук ички иштер органдарынын жетекчилери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарган эмес. Муну менен катар билим берүү мекемелеринин жооптуу адамдары райондук жана облустук администрациялар менен өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү аныкталган.

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери «Урааным Манас» сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эмес.

Иш-чараны уюштуруу маселелери 1-майдан 5-майга чейинки күндөр расмий эс алуу күндөрү болгону үчүн татаалдашкан. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди үстүртөн — телефон аркылуу тараткан.

Белгиленгендей, иш-чарага райондогу 2 миң 878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эки гана жол коопсуздугун камсыздоо инспектору тартылган.

«Окуянын чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мекемелер аралык комиссия тарабынан тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды. Бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды, анын ичинен алты адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылындагы жаш манасчылардын сынагы трагедия менен аяктаган. Иш-чара жайлоодо өтүп жаткан. Мектеп окуучулары «Манас» эпосунан үзүндү айтып жатканда Porter унаасы өспүрүмдөрдү коюп кетип, 34 адам жабыркаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар