04:41
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Нарын дарыясына чөгүп кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 15 күндөн кийин табылды

Нарын дарыясына чөгүп кеткен алты жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын сөөгү 11-майда Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Куткаруучулар аны 15 күн издешкен.

Эске салсак, 23-апрелде Таш-Көмүр шаарынын жанындагы Кызыл-Алма айылында 2018-жылы туулган Н.Н. сууга чөгүп кеткени белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар