13:22, 13 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда лейкемия менен ооруган 250 бала операцияга муктаж. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын онкологиялык оорулар менен ооруган балдардын саны өсүүдө.
«Жыл сайын 3-5 миң бейтапка онкологиялык диагноз коюлат. Алардын 30 пайызы балдар. Бүгүнкү күндө рак менен ооруган 250 адам операцияга муктаж», — деди саламаттык сактоо министрлигинин башчысы.