12:09, 13 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Кувейттен медициналык бригада келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, топтун курамында 18 дарыгер жана 10 орто медициналык кызматкер бар. Бригаданы профессор Хишан жетектейт.
«13-майдан 16-майга чейин төрт күн аралыгында көрүү органдарынын, бет-жаак түзүлүшүнүн, табарсык-жыныс системасынын патологиясы бар балдарга операция жасашат. Медициналык бригада өздөрүнүн жабдуулары жана медициналык буюмдарын ала келген. Операциялар бекер болот», — деп белгиледи мекеме.