«Шабдалы-Зар» базары мамлекетке кайтарылды. Ал Кадыржан Батыровго таандык болгон

18:05, 10 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баасы 412 миллион 111 миң сомду түзгөн «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө базар жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык 1994-жылы «Дустлик» ачык акционердик коому менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85 пайызы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровго таандык болгон.

УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы

Жер кодексине (1994-жылдын редакциясына) ылайык, мэриянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу болгон эмес, мындай укукка шаардык кеңеш ээ болгон.

Жер тилкеси Кадыржан Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу Кыргызстандын жарандары М.А. жана Р.Ш. (Кадыржан Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Муну кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер тастыктап турат. Аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган.