12:55, 08 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда саат 10.00 8-майга карата 63 миң 144 бала биринчи класска катталды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бишкектеги беш мектепте орундар толуп калды. Алар:
Ош шаары боюнча азырынча толгон мектептер жок.
Эске салсак, Кыргызстанда 8-апрелде мектепке электрондук каттоо башталган. Ал автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) биринчи класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.
Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.