Улуттук банк интервенция жасап, доллар сатып алды

10:51, 08 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы интервенция жасап, валюта базарынан доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

Жалпысынан банк 17,7 миллион доллар сатып алган. 

Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери бул алтынчы валюталык интервенция. Жалпысынан Улуттук банк 113 миллион 350 миң доллар сатып алган.