16:40, 07 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип баштагандыгына байланыштуу кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүндү.
Жалал-Абад облусунун аймагында 1 миң 20 кооптуу аймакта 1 миң 67 үй-бүлө жашайт. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде башкармалыктын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскетүү баракчалары берилет.