15:45, 07 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ликер-арак продукциясын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Кемин» ички салык постунда акциздик маркалары жок 2 миң 80 литр шарапты мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду.
Унаа айып токтотуучу жайга токтотулду. Жакын арада материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.