Бул иш жумасы узагыраак болот. Ишемби, 11-май, беш күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн жумуш күнү болот.
Эскерте кетсек, айдын башында кыргызстандыктар 1-майдан 5-майга чейин эс алышкан.
Министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүн жылдыруу боюнча токтомуна ылайык, кыргызстандыктар 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда иштешкен (дүйшөмбү), эми 3-майдын (жума) ордуна 11-майда (ишемби) жумушка чыгышат.
9-май расмий дем алыш күнү болуп саналат.