Жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык мушкер күмүш медаль алды

15:05, 06 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Казакстандын Астана шаарында бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттештери өтүүдө. Эфирди бокс боюнча Азия конфедерациясынын YouTube каналынан көрүүгө болот.

51 килограммга чейинки салмак ченинде Зафарбек Камилов Индиянын өкүлү менен беттешти. Калыстардын чечими менен жеңиш индиялык спортчуга берилип, эсеп 5:0 менен аяктады.

Фото

Бүгүн алтын үчүн Амантур Жумаев (54 килограммга чейин) менен Мухаммадазиз Закиров (80 килограммга чейин) дагы күрөшөт.

Белгилей кетсек, кыргызстандык алты спортчу турнирде коло байгеге ээ болушту.