USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

50 тоннадай кожогат көчөтүн Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

09:44, 30 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Түндүк-Чыгыш бажысы 50 тоннага жакын кожогат көчөттөрү мыйзамсыз алынып келингенин аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы кампалардын биринде кожогаттын көчөттөрү табылган, товарды Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтер болгон эмес.

F.G. ЖЧКсынын дарегине жалпы салмагы 49 миң 100 килогарммм болгон кожогаттын көчөттөрү Түркиядан келген. Товарлар дайындалган бажы органына жеткирилбей дароо алуучунун кампасына түшүрүлгөн.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык товарларды кармоо протоколу түзүлдү. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 465 миң 207 сомду түздү. Материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика