МИК Кыргызстандын кайсы шаарларында үйлөр курулуп жатканын айтты

15:20, 26 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

«Ишеним» фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев ипотекалык турак жайлар кайсы шаарларда курулуп жатканы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Бишкекте үйлөрдүн курулушу үч жерде жүрүп жатат: № 47 түзөтүү абагынын ордунда, Скрябин көчөсүндө жана Айтматов проспектисинде.

Мындан тышкары, Жалал-Абадда үч үй курулуп жатат. Ошондой эле Нарында, Караколдо жана Таласта курулуштар жүрүп жатат.

Жээмбаевдин сөзүнө караганда, жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык административдик борборлорунда курулуш иштери башталат.