Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат

13:36, 26 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат. Бул тууралуу «Ишеним» фракциясынын жыйынында мекеменин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда МИКке 71 миллиард сом өлчөмүндө каржылоо талап кылынууда.

Быйыл республикалык бюджеттен 5 миллиард сом бөлүнөрү күтүлүүдө. Дагы 100 миллион долларды Сауд өнүктүрүү фонду берет. Макулдашуу ратификацияланган.