Өзгөн районунда сел жүрдү

10:20, 26 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Өзгөн районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-апрелде катуу жаандан кийин Корсетти айылында сел жүргөн. Турак үйдүн короосун жана ички чарбалык жолду суу каптаган.

ӨКМ
ӨКМ

Эске салсак, 20-апрелден 23-апрелге чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 67 жолу сел катталган. 1 миң 92 кожолукту, анын ичинен 264 турак үйдү суу каптаган.