Максатбек Сарбагышев депутаттык мандатын тапшырды

17:54, 25 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Максатбек Сарбагышев депутаттык мандатын тапшырды. БШК бүгүнкү жыйынында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Белгиленгендей, чечим Максатбек Сарбагышевдин арызынын негизинде кабыл алынган.

Эскерте кетсек, ал Жогорку Кеңешке Ысык-Көл бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. Демек, Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалышы керек.